Билим берүү жана илим министрлиги короновирус боюнча дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу Казакстандын жогорку окуу жайларындагы беш гранттык орун үчүн документтерди кабыл алуу убактылуу токтоду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлгөн болчу. Бакалавриат программасына 3 жана магистратурга 2.
Документтерди кабыл алуунун кайра башталышы тууралуу кошумча маалымат берилет.