Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Казакстандагы кырдаал: Алматыдан бир кыргызстандык каза тапты
10.01.2022 | 14:48
Алматыда тополоңдо кыргызстандык бир жаран каза болду. Бул маалыматты Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дүйшекеев жергиликтүү маалымат каражаттарына тастыктады.
Анын айтымында, ал киши шаарда фитнес-тренер болуп иштеген. Азыр дипломатиялык өкүлчүлүк окуянын чоо-жайын тактап, маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселесин да карап жатат.
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар