Ушул тапта Жогорку Кеңештин имаратынын алдында 20 дай активист чогулуп, нааразылык акциясын өткөрүүдө. Чогулгандар Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө катары Казакстандагы абалды жөнгө салуу үчүн кыргыз армиясынын Казакстанга кирүүсүнө каршы чыгууда. Анткени, буга чейин Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жабык ушул маселени караары айтылган.
ЖККУ уюму Казакстанга аскер киргизүү чечими кабыл алганы да кабарланууда.