Кыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөт
Казакстандагы олимпиадада кыргызстандык окуучу 1-орунду ээледи
01.07.2024 | 18:00
Бишкек шаарынын №62 мектебинин окуучусу Арлан Керимов Казакстандагы Ш. Смагулов атындагы математика боюнча 6-7-класстар үчүн Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу этабында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Андан сырткары, Жалал-Абад шаарындагы И.М. Губкин атындагы мектептин 6-классынын окуучусу Ариет Акимов жана Ош шаарындагы “Кыргызстан эл аралык мектебинин” 6-классынын окуучусу Бектен Абдувалиев Бектен Ардак грамота менен сыйланды.
Олимпиаданын 2024-жылдагы тандоо туруна Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 3000ден ашуун мектеп окуучулары катышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом