Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Казакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жок
11.03.2026 | 15:30

Казакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
«Ак-Тилек автожолу» постунда болгон текшерүүдө аталган жүктүн фитосанитардык сертификатындагы маалыматтар транспорттук документтердеги көрсөткүчтөргө дал келбестиги аныкталган. Мындан улам Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жүктү кайра артка кайтарган.
Министрлик импорттоочуларга фитосанитардык талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика