Казакстандан селден жабыркаган Оштун элине гумжардам келди

Казакстандан селден жабыркаган Оштун элине гумжардам келди

Казакстандан селден жабыркаган Ош облусунун элине 40 тонна гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, “BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” кайрымдуулук фонду элдин атынан өлкөнүн түштүгүндөгү селден жабыркаган кыргыз элине жардам жөнөттү.

Чек арага чейин келген гуманитардык жардамды кыргызстандык куткаруучулар селден жабыркаган Кара-Суу районуна жеткиришти.

Жалпы 40 тонналык гуманитардык жардам кийим-кечек, төшөнчү жана азык-түлүктөрдөн турат.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаарында жана облустун бир нече айылдарында сел жүргөн. Ал 800дөй үйгө кирип, 8ден ашык көпүрөнү жана бир катар социалдык мекемелерге зыян келтирген. Сел борбордук базар аркылуу өтүп, ишкерлердин товарларын агызып кеткен. Селдин кесепетинен 5 киши көз жумду. Алардын төртөө — бир үй-бүлө мүчөлөрү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>