Казакстандын ИИМи учак кырсыгынын болжолдуу себептерин айтты

Казакстандын ИИМи учак кырсыгынын болжолдуу себептерин айтты

Казакстан Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Bek Air компаниясына тиешелүү Fokker-100 учагынын кыйрашына үч жагдай себеп болушу мүмкүн экенин билдирди: Биринчи – экипаждын катасы, экинчи – учактын техникалык алешемдиктери, үчүнчү – навигация кызматынын ишиндеги кемчилик.

Казакстандын Ички иштер министрлиги 28-декабрда кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, «Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялаган. Кырсыкты иликтөө иштерине Эл аралык авиация комитетинин өкүлдөрү катышат.

27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Кырсыктан кеминде 12 адам каза таап, 40тан ашык киши жаракат алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>