Казакстандын өкмөтү Кыргызстан жана Өзбекстан менен суу берүү маселесин талкуулады

01.08.2025 | 14:59

Казакстандын вице-премьери Канат Бозумбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары менен Казакстандын түштүк аймактарына суу берүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Канат Бозумбаев 28-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келип, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Анда тараптар Нарындагы ГЭС каскадынын, Талас дарыясынын бассейнинин, Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынын август айындагы иштөө режимин талкуулашкан. Жолугушуунун жыйынтыгында казак тарап кургакчылык жана суунун аз келүүсүнө байланыштуу кошумча суу алуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Ал эми 29-июлда Канат Бозумбаев Ташкент шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана суу-энергетика мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда эки жуманын ичинде сугат суусунун графиктен артта калуусун жоюу боюнча биргелешкен чаралар макулдашылган.

Scroll to Top