Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Чүйдөгү “Кемин” чек ара заставасы толук реконструкцияланды
01.08.2025 | 14:49
Чүй облусундагы Кыргыз-казак чек арасындагы “Кемин” чек ара заставасы толук реконструкцияланып, заманбап талаптарга ылайык жабдылды. Бул тууралуу тийиштүү мекемелерден маалымдашты.

Реконструкция алкагында:
- Казарма имараттары жаңыланды,
- Кызматтык бөлмөлөр, кампалар, мончо жана ашканалар оңдолду,
- Унаа токтотуучу жай курулду,
- Кызматтык иттер үчүн атайын жайлар жабдылды.
Эскерте кетсек, “Кемин” заставасы — Кыргызстандын түндүк чек арасын кайтарууда маанилүү стратегиялык объект катары эсептелет.
Рубрики: Жаңылыктар