Казармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармады

Жалал-Абаддын Тогуз-Тору районунун Казарман айылындагы бала бакчаларга жана мектептерге террордук кол салуу пландаштырылып жаткандыгы тууралуу маалымат таратууга шектелип 8-класстын окуучусу кармалды.
Жергиликтүү орто мектептин окуучусу террордук акт жасоо тууралуу билдирүүлөрдү Фейсбуктагы «Казарман реклама» баракчасына жарыяланган.
“Окуучу интернет-террористтердин таасирине кабылып, мажбурлоо жана психологиялык таасир астында террордук акт жасоону көздөгөн”,- деп билдирди атайын кызмат.
Учурда шектүүгө карата тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.
УКМК оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан башталарын эскертет. Терроризм актысын жасоо тууралуу коркутуу үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.