Кир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына бардыКадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырды
Кеминде бир тоннадан ашык кара куурай жок кылынды
04.07.2025 | 10:39
Чүй облусунун Кемин районунда 1 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-июлда Кемин райондук милициясынын кызматкерлери «Кара-Куурай» аталышындагы иш-чарасы жүргүзүшкөн.
Анын алкагында Чоң-Кемин айыл аймагынын аймагындагы кара куурай өскөн жерлер аныкталып, 1 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлүп, жок кылынган.
Ошондой эле милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана колдонууга тыюу салынганы тууралуу эскертүү иштерин жүргүзүшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Кара куурай, Кемин