Кеминде салык кызматкеринин мыйзамсыз иши аныкталды

Кеминде салык кызматкеринин мыйзамсыз иши аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери менен «М.Х.» ЖЧКсынын өкүлдөрү келишим түзүп, салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин картасын мурда чегерилген салыктар боюнча 134 млн сомго тактоо жолу менен таанылган салык милдеттенмелерин мыйзамсыз эсептен чыгарган.

Мамлекеттик салык кызматынын Кемин району боюнча башкармалыгынын кызматкери Т.Н., «М.Х.» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен кылмыштуу бүтүмгө келип алып, ошондой эле башка кызматкердин офистик компьютерин, логин жана паролдорун колдонуу менен, компаниянын карызын Мамлекеттик салык кызматынын маалымат базасынан негизсиз жок кылган.

Учурда аталган Т.Н. башка ушул сыяктуу фактылар боюнча аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат, ошондой эле «М.Х.» компаниясынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>