Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Кеминде кызматкеринен акча талап кылган сот аткаруучу жумуштан бошотулду
18.03.2021 | 12:54
Опузалоого шектелип жаткан Чүй облусунун Кемин районунун сот аткаруу кызматынын улук сот аткаруучусу М.А.А. ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Сот департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот аткаруучу мамлекеттик органдын беделин түшүрүүгө байланыштуу Сот департаментинин директору У.Кожомбердиеванын буйругу менен иштеп бошотулду.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда “Кемин районунун улук сот аткаруучусу пара талап кылды” деген ат менен видео материал тараган. Анда сот аткаруучу кол алдында иштеген адамдан акча талап кылган.