Кеминдеги кечээки өрт дагы деле өчө элек

Кеминдеги кечээки өрт дагы деле өчө элек

Кемин районунун Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токойунда чыккан өрт адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан. Бул туурасында Өзгөчө  кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

Алдын-ала маалыматка караганда, учурда өрт өчүрүүчү жана куткаруучу кызматтары тартылып болгон күч аракеттерин жумшап жатат. Куткаруучулар ондогон чакырымдарды жөө басып, тилсиз жоо менен күрөш жүргүзүүдө. Өрттүн аянты болжол менен 40 гектарды түзөт. 60ка чукул куткаруучу, токой чарба кызматынын 25 өкүлү жана жергиликтүү тургундар көмөк көрсөтүүдө.

 

7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те өрт тутанган. Биздин редакциянын окурманы маалымат берип, сүрөт жөнөткөн болчу.

Кеминде тоо өрттөнүп жатат (Сүрөт)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>