Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Кемпир-Абад маселеси: Учурда эмне болуп жатат? Жаңыланууда
24.10.2022 | 22:37
Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карап жатат.
Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Айданбек Акмат уулу, Чыңгыз Капаров, Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева жана активист Чынарбек Шабдан уулу 2 айга камалды.
Эскерте кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилгени жатканына байланыштуу бир катар саясатчылар жана активисттер Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет түзгөн. 23-октябрда Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчы камакка алынып, алар «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат