Кемпир-Абад: Мирзиеев чек ара боюнча келишимге кол койду

Кемпир-Абад: Мирзиеев чек ара боюнча келишимге кол койду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу тууралуу келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, келишимге ылайык, эки өлкөнүн 35 тилкедеги 302,29 чакырым жери такталууда.

«Өзбекстанга Анжыян (Кемпир-Абад) суу сактагычынын 4 миң 957 гектар жери жана плотинаны коргоо жана тейлөө үчүн 19,5 гектар жер өтүүдө. Кыргызстанга кенемте катары 1 миң 19 гектар жайыт жер берилүүдө. Ошондой эле, Анжыян суу сактагычынын сол жээгиндеги Кемпир-Абад каналынын курулбай калгандыгына байланыштуу Гавасай тилкесинен 12 мин 849 гектар берилип жатат. Ошол эле учурда кыргыз тарап Гавасай дарыясынын табигый агышына тоскоол боло турган гидротехникалык жана башка купрулмалдарды курбоого жана дарыянын (техникалык) булганышына жол бербөөгө милдеттенет», — деп айтылат маалыматта.

Суу сактагыч боюнча келишимде Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абадды биргелешип башкарары каралган. Ошондой эле, Баткендеги Чечме булагын башкаруу маселеси өзүнчө келишим менен жөнгө салынат.

Эскерте кетсек, Кырызстандын атынан өкмөттүк делегацияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимге ылайык, Кыргызстанга 19 миң 699 гектар жер алынууда. Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди берүүдө.

Садыр Жапаров чуу жараткан мыйзамга кол койду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>