Садыр Жапаров чуу жараткан мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров чуу жараткан мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.  Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоону сунуштайт.

Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимге ылайык даярдалды.

Макулдашуунун максаты – суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия менен башкаруу.

 

Кемпир-Абад: Парламент Өзбекстан менен болгон келишимди жактырды

 

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз



 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>