«Керемет Банк» ААКсы «Элкарт» банкоматтарынын өнөктөштүк тармагынан чыкты

«Керемет Банк» ААКсы «Элкарт» банкоматтарынын өнөктөштүк тармагынан чыкты

«Керемет Банк» ААКсы «Элкарт» улуттук төлөм системасынын банкоматтарынын өнөктөштүк тармагынан чыкты. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Эми 17-февралдан тарта «Керемет Банктын» картасы менен «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» өнөктөш банктардын банкоматтарынан акча чыгарганда, комиссия алына баштайт.

Эскерте кетсек, быйыл январдын ортосунда АКШнын Каржы министрлиги «Керемет Банкка» санкция салган. Ага банктын Россиянын «Промсвязьбанкына» санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшкөнү себеп болгону айтылган. Ошондой эле былтыр банктын 75%ын сатып алган чет элдик компания россиялык олиграх менен байланышы бар экени кабарланган.

«Керемет Банк» алардын санкцияга кабылганы ишине таасир этпей турганын, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин толук кандуу аткара берерин билдирген.

Ошондой эле АКШнын Каржы министрлигине аталган чечим боюнча даттануу жөнөткөнүн кабарлаган.

31-январда DemirBank «Керемет Банкка» акча которууларды токтоткон.

DemirBank санкцияга кабылган «Керемет Банкка» акча которууларды токтотту

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>