Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Кесек көмүрдү унаа менен тышка ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди
15.10.2025 | 14:25

Бүгүн, 15-октябрдан, тарта Кыргызстанда көмүрдүн ири фракциясын унаа аркылуу сыртка экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чаралар ички рынокто көмүр тартыштыгын болтурбоо жана алдыдагы күз-кыш мезгилинде баанын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында кабыл алынган.
«Кыргызкөмүр» чектөөлөр көмүрдү автомобиль транспорту менен экспорттоо иштерине гана тиешелүү экенин билдирди. Ал эми темир жол аркылуу көмүрдү ташып чыгууга, ошондой эле майда фракциядагы көмүрдү сатууга жана ташууга эч кандай чектөөлөр киргизилген жок.
Аталган чектөө ички суроо-талап турукташкан учурда жана абал жакшырганда кайрадан жандандырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом