Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Эквадордо теракт болду. Унаа жарылып, бир адам каза болуп, экөө жаракат алды
15.10.2025 | 14:33
Эквадордун ири шаары Гуаякилдеги Mall del Sol соода борборунун жанында катуу жарылуу болду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, окуяга жардыргыч зат коюлган унаанын жарылышы себеп болгон.
Окуя болгон аймак курчоого алынып, жерде сапёрлор жана полиция кызматкерлери иш алып барууда.
Гуаяс провинциясынын губернатору Умберто Пласа билдиргендей, бул окуя теракт катары бааланууда. Ички иштер министри Жон Реймбергдин айтымында, жарылуу болгон жерде жардыргыч зат коюлган эки унаа табылган: алардын бири жарылып кеткен, экинчиси өз убагында зыянсыздандырылган.
Бул окуя Гуаякиль шаарында акыркы бир ай ичиндеги экинчи учур болду. Буга чейин, 26-сентябрда, шаардагы аймактык түрмөнүн жанында дагы унаа жарылган болчу.