Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
Хорватияда өтүүчү дүйнө чемпионатына грек-рим күрөшү боюнча кимдер катышары белгилүү болду
29.08.2025 | 17:55

Дене тарбия жана спорт агенттиги Хорватияда өтө турган дүйнө чемпионатына грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан кимдер катышары тууралуу маалымады.
Чемпионатта Кыргызстандын намысын төмөнкү балбандар коргойт:
- Улан Муратбек уулу – 55 кг;
- Акыл Сулайманов – 60 кг;
- Баяман Каримов – 63 кг;
- Раззак Бейшекеев – 67 кг;
- Амантур Исмаилов – 72 кг;
- Ырыскелди Максатбек уулу – 77 кг;
- Бекзат Орункул уулу – 82 кг;
- Асан Жанышов – 87 кг;
- Үзүр Жузупбеков – 97 кг;
- Нурманбет Раймалы уулу – 130 кг.
Аталган улуттук кураманын башкы машыктыруучусу – Уран Жузуп уулу, ал эми улук машыктыруучусу – Азат Бейшебеков. Ал эми жаштар курамасынын (U23) улук машыктыруучусу – Атай Замирбеков.
Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионаты быйыл 13-21-сентябрь күндөрү Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт