КМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришишти
Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде (КМШ) Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул демилге чыгармачыл ишкердикти өнүктүрүүдө аймак өлкөлөрүнүн күч-аракетин бириктирүүгө багытталган.
Тармактык бирикмени түзүү идеясы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге таандык. Бул демилгени ал өткөн жылдын октябрь айында Душанбеде өткөн мамлекет башчыларынын саммитинде көтөргөн. Казак тарап болочок уюмдун Уставынын долбоорун да даярдаган.
Документти эксперттик деңгээлде алгачкы кароо 30-мартта КМШнын штаб-квартирасында өттү. Талкууга төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты:
- Кыргызстан;
- Казакстан;
- Россия;
- Азербайжан;
- Беларусь;
- Тажикстан.
Диалогго ошондой эле Шериктештиктин Аткаруу комитетинин жана КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун эксперттери кошулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мүчө-мамлекеттерден Уставдын долбооруна карата түшкөн сын-пикирлерди жана толуктоолорду деталдуу түрдө карап чыгышты. Эксперттер документти макулдашууну үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымына пландаштырылган кезектеги жыйында улантууну макулдашты.