1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты
Көчмөндөр оюндары: Бүгүн Кыргызстан менен Казакстан көк бөрү жана көкпардын финалында беттешет
12.09.2024 | 10:16
Бүгүн, 12-сентябрда Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын менен Казакстандын көк бөрү жана көкпар курамалары финалда беттешет.
Биринчи финал көкпар боюнча өтөт. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да башталат.
Экинчи финал көк бөрү боюнча болот. Ал саат 17:30да башталат.
Бул эки финалда тең Кыргызстан менен Казакстандын улакчылары мөөрөй талашат.
Ошондой эле көк бөрүдөн да, көкпардан да үчүнчү орун үчүн Түркия менен Россия беттешет.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом