Көчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды

12.10.2025 | 11:00

Чүй облусунда жашы жете элек кызга кол салган эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББи билдирди.

Маалыматка ылайык, соцтармактарда Садовое айылында эркек киши 14 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүүгө аракет кылганы тууралуу маалымат тараган.

Бул маалымат боюнча текшерүү жүрүп, анын жыйынтыгында Москва райондук милициясына аял киши арыз менен кайрылганы аныкталган. Арыз ээсинин айтымында, белгисиз адам 10-октябрда болжол менен саат 18:00 чамасында аталган айылдагы Ситников жана Олег Кашевой көчөлөрүнүн кесилишинде эч ким жок учурда анын 14 жаштагы кызын жерге жыгып, муунтканын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы А.Р. аттуу мурда соттолгон жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Scroll to Top