Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алыштыБакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен таанышты
Көк-Жардагы үйдөн 4,5 миң доллар уурдалган. Шектүү кармалды
28.01.2025 | 16:01
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 15-январда Көк-Жар айылындагы үйгө белгисиз адамдар кирип, 4,5 миң доллар уурдап кеткен. Акчасын уурдаткан үй ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы жаран (Ж.М.) кармалган.
Учурда анын ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы текшерилүүдө.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0504 00 66 11 же 102 номерине кабар берүүсүн сурант.