Көкпар: Финалда Казакстан Кыргызстанды жеңип алды

Көкпар: Финалда Казакстан Кыргызстанды жеңип алды

Кыргызстандын көкпар (жер улак) боюнча курамасы Казакстанга 3:4 эсебинде утулду. Бул тууралуу Кыргызстандын «Көк бөрү» федерациясынан билдиришти.

Эки курама Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында финалда улак тартышкан.

Жыйынтыгында финалда жеңишке жеткен Казакстандын улакчылары алтын байге, ал эми кыргызстандык курама экинчи орунду ээледи. Ал эми үчүнчү орунду Өзбекстандын улакчылары алды. Алар коло үчүн болгон таймашта Түркиянын курамасын жеңген.

Белгилей кетсек, көкпардан тышкары IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча да таймаш өтүүдө. Көк бөрү оюнунун финалында да Кыргызстан менен Казакстандын курамалары күч сынашат. Оюн бүгүн болуп өтөт.

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан оюндар 29-сентябрда башталып, бүгүн, 2-октябрда аяктайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: көкпар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>