Кол өнөрчүлүктөн туристтик брендге. Чеберлерге сынак жарыяланды

30.09.2025 | 14:00

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Корея Республикасынын ЮНЕСКОнун колдоосу алдындагы Азия–Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык маалыматтык-тармактык борбору (менен кызматташып, салттуу кол өнөрчүлүк жаатында маданий туристтик продукцияларды жаратуу боюнча сынак жарыялады.

Министрликтин маалыматына ылайык, сынактын максаты — кыргыздын салттуу оймо-чиймелери, мотивдери жана символдору менен шыктанган, заманбап дизайн жана рыноктун талабына шайкеш келген, коммерциялаштырууга жана туристтик чөйрөдө илгерилетүүгө багытталган креативдүү идеяларды табуу.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 2025-жылдын 20-октябрына чейин узартылды.

Сынакка кимдер катыша алат?

  • 18 жаштан жогорку Кыргызстандын жарандары жана өлкөдө жашаган чет элдик жарандар;
  • Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн компаниялар;
  • Жекече же команда болуп катышууга болот (бир адам бир нече командада боло албайт);
  • Байге акчасын алуу үчүн катышуучулардын Кыргыз Республикасындагы жеке банк эсеби болушу керек.

Кабыл алынуучу документтер:

  • Табыштама жана макулдук формасы;
  • Эскиздер же графикалык файлдар (санарип иллюстрациялар, кол менен тартылган эскиздердин скан көчүрмөлөрү);
  • JPG же PDF форматында (2 файлдан ашпаган), чечимдүүлүгү 150 dpi жана андан жогору, өлчөмү кеминде А4 (каалоого жараша А1).

Кабыл алуу дареги: psckyrgyz@gmail.com

Scroll to Top