Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Касымалиевдин Беларуска сапары: Эки өлкө ортосунда ондон ашуун документке кол коюлду
30.09.2025 | 14:17

Кечээ, 29-сентябрда, Минск шаарындагы Беларусь өкмөтүнүн үйүндө Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки өлкө ортосунда ар кандай тармактарда кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган төмөнкү документтер кабыл алынды:
- Кыргызстандын жарандарынын Беларустун аймагында жана Беларустун жарандарынын Кыргызстандын аймагында болуу тартиби жөнүндө эки өлкө ортосундагы макулдашуу;
- Кыргызстан менен Беларустун дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстан менен Беларустун Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Эки өлкө ортосундагы 2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы, анда товар жүгүртүүнү 500 млн долларга чейин жеткирүү каралган;
- Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы санариптик өнүктүрүү жаатында стратегиялык кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстан менен Беларустун Юстиция министрликтеринин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасы;
- Кыргызстандын Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун жана Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун 2025–2026-жылдарга биргелешкен иш-чаралар планы;
- Кыргызстандын Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Беларустун Башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Эки өлкө ортосундагы 2025-2027-жылдарга маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы;
- Эки өлкө ортосундагы соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Баткен облусу менен Брест облусунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат