Көчөдө көмүрдүн кымбат сатылышынын себеби эмнеде? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Тариэл Жоробеков парламенттик жыйында Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге берди.
Министр “ жеке ишкерлер көмүрдү ташыгандыктан, ар кандай бааларды коюп алып, аларды ооздуктоо кыйыныраак болуп жатат. Эми кийинки жылдан тарта атайын техника сатып алып, “Кыргызкөмүр” атайын топ базаларга арзан баада көмүрлөрдү ташый баштайт. Атайын техникаларды сатып алууну карап жатабыз” деди.
Ошондой эле ушул тапта Кара-Кечеде тоннасы 1330 сомдон сатылып жатканын кошумчалады.