Конгантиев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

28.07.2022 | 20:02

Автандил Конгантиев Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Атайын буйрукка Акылбек Жапаров кол койгонун аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-июль күнү Финансы министр  Алмаз Бакетаев Конгантиевди эмгек жамааты менен тааныштырды.

Бажы кызматынын полковниги Автандил Конгантиевдин эмгек жолу:

2005 – 2006 – «Манас» бажысынын бажы контролу бөлүмүнүн инспектору

2006 – 2014 – «Северная» темир жол бажысында бажылык тариздөө бөлүмүндө ар кандай кызматтарда кызмат өтөгөн

2014-2016 – Борбордук бажынын «Бишкек» СЭЗинин Бажы процесстери борборунун бажылык тариздөө тобунун башкы инспектору

2016 – 2017 – «Ош» бажысынын башчысынын орун басары

2017 – 2018 – «Северная» темир жол бажысынын начальнигинин орун басары.

04.06.2018 – 24.08.2018 – Түндүк-Чыгыш бажысынын «ЖД Северная» бажы башкаруу борборунун бажылык тариздөө тобунун башкы инспектору

2018-2019 – «Северная» темир жол бажысынын начальнигинин орун басары.

2019 – 2020 – «Манас» бажысынын башчысынын орун басары

2020 – 2021 – ж.ж. “Манас” бажысынын башчысы

2021-2022-жылдары – “Северная” темир жол бажысынын башчысы

26.05.2022-06.08.2022 – Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу

06.08.2022 – 28.07.2022 – Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары

Scroll to Top