Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Көңүл бургула! Бүгүн Бишкекте негизги көчөлөр жабык болот
31.08.2021 | 09:09
Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белигиленет. Майрамга карата Бишкекте Ала-Тоо жана эски аянтттарда жолдор түнкү саат 2ден тарта жабылган. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.
Ошондой эле Чүй проспектиси Орозбековдон Эркиндикке чейин, Абдумомунов көчөсү Орозбековдон Эркиндикке чейин жабык.
Мындан тышкары аскердик техникалар өтүү учурунда төмөнкү көчөлөр жабылат: Ч.Валиханов, Чүй, Тыныстанов, Гоголь, Ала-Тоо аянты, Чүй-Фучик жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилиши.
Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана маршрутуңузду алдын ала пландап алыңыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом