Көптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болушту

25.08.2025 | 18:08

Кыргызстанда Glovo жеткирүү кызматын колдонгон MBank, O!Bank жана башка бир катар банктардын кардарлары август айынын ортосунда массалык техникалык мүчүлүштүккө кабылышты. Банктын карталары тиркелген кардарларда акчанын туш келди кармалуусу жана кайтарылышы болуп, айрым учурда банктар тарабынан карталардын бөгөттөлүшүнө алып келди.

Маселе 13-августтун кечинде байкалды. Айрым колдонуучулардын акчасы заказдар үчүн кармалып, 14-августтан тартып көпчүлүгүнө бир нече жолу кайтаруу тууралуу билдирүүлөр келип баштады, кээде сатып алуулардын суммасынан да жогору өлчөмдө. Натыйжада айрым банктар коопсуздук чарасы катары кардарларынын карталарын бөгөттөп салышты.

Glovoнун расмий билдирүүсүнө ылайык, мунун себеби жергиликтүү банк-эквайер тараптагы техникалык көйгөй болгон. Ката компаниянын Кыргызстандагы төлөм өнөктөшү Freedom Pay тарабынан ыкчам аныкталган.

Glovo компаниясы белгилегендей, аларда кардарлардын карталарын бөгөттөө мүмкүнчүлүгү жок жана карталардын маалыматтары компанияда сакталбайт, алар эл аралык стандарт боюнча корголот. Картаны бөгөттөө банктардын өздөрү жүргүзгөн стандарттык коопсуздук чарасы болуп саналат.

Бир нече банктын өкүлдөрү кырдаалга түшүндүрмө беришти:

O!Bank өз системасы кайталап жасалган туура эмес операцияларды токтотуп калганын, ал эми кардарлар болгону көп сандаган билдирүүлөрдү алышканын билдирди.

«Дос-Кредобанк» жана MBank бул мүчүлүштүк алардын системасында эмес, тышкы өнөктөштүн тараптан чыкканын ырасташты. Эки банк тең кардарларга каражаттарды кайтаруу процессин көзөмөлдөп жатканын белгилешти.

Glovo колдонуучуларынан кечирим сурап, өнөктөштөрү менен биргеликте кырдаалды мүмкүн болушунча тезирээк жөнгө салууга аракет кылып жатканын билдирди. Бардык туура эмес кармалган жана кайтарылган акчалар жакын арада толугу менен кардарларга кайтарыларына ишендиришти. Так мөөнөт картаны чыгарган банктын иш тартибине жараша болот.

«Кыргызкоммерцбанк» — дал ошол техникалык мүчүлүштүккө жооптуу банк-эквайер Reporter.kgнин суроосуна азырынча жооп берген жок, бирок кийинчерээк комментарий берүүнү убада кылды.

Рубрики: Экономика
Scroll to Top