Корея Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 300 миң доллар берди

Корея Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 300 миң доллар берди

Корея Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө  гуманитардык жардам иретинде 300 миң доллар бөлдү. Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды. Бул тууралуу маалыматы Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары Кореядагы  Кыргызстандын Элчилигине күч-аракеттери менен 28 миңден ашуун АКШ доллары суммасында гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды.

Бүгүн, 29-майда, бул гуманитардык жардам Кореядан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди. 

Жалпысынан 26,950 ПЧР тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплектиси менен келди. 

Кыргыз Өкмөтү Корея тарапка берилген гуманитардык жардам жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>