Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Apple дүйнөдөгү эң баалуу компания статусун жоготту
10.04.2025 | 15:34
Америкалык Apple корпорациясы капиталдаштыруунун кескин төмөндөшүнөн улам дүйнөдөгү эң кымбат компания макамын жоготуп, өз ордун Microsoftко өткөрүп берди.
Ушул жума ичинде Apple компаниясынын акциялары бешпайызга, ал эми Microsoft акциялары болгону 0,9 пайызга арзандады.
Корпорациянын рыноктук капиталы бир күн мурун 2,73 триллион доллардан 2,59 триллион долларга чейинтөмөндөдү, ал эми Microsoftтун баасы 2,66 триллион доллардан болгону 2,64 триллион долларга түштү.
Натыйжада Apple дүйнөдөгү эң баалуу компаниялардын тизмесинде экинчи орунга түшкөн.
Ушул айдын башынан бери Apple дын акциялары 22% арзандап, ал эми компаниянын рыноктук капиталы марттын аягындагы 3,34 триллион доллардан дээрлик 750 миллиард долларга төмөндөдү.
Рубрики: Жаңылыктар