Корея менен Кыргызстан көп функционалдуу агроөнөр жай комплексин курат

Корея менен Кыргызстан көп функционалдуу агроөнөр жай комплексин курат

“Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому менен Кореянны DOD компаниясынын ортосунда көп функционалдуу агроөнөр жай комплекси куруу боюнча Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, комплекс эт азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо максатында курулат. Инвестициянын жалпы суммасы 46 миллион долларды түзөт.

Тараптардын жолугушуу бүгүн, 19-июнда Ынтымак Ордодо өттү. Ага “Кыргыз Агрохолдинг” ААКнын директору Элдияр Убалиев, DOD компаниясынын Башкы директору Ким Хеджун баштаган бир катар компаниялардын жетекчилеринен турган делегация катышты.

Анда кыргыз тарап өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар чет элдик инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн жана ишкерлер менен тыгыз иш алып баруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендиги белгиленди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>