Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 98 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 3597 пчр изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек менен Чүйдө оору көп аныкталса, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында катталган эмес.
Алар:
- Бишкек шаарында – 49;
- Ош шаарында – 1;
- Чүй облусунда – 36;
- Ош облусунда – 4;
- Нарын облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 64;
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 51 бейтап сакайды. Илдеттен каза болгондор катталган эмес.