Коронавирус: Бабанов өз эсебинен дарыгерлердин эмгек акысына 3 млн сом бөлөт

Коронавирус: Бабанов өз эсебинен дарыгерлердин эмгек акысына 3 млн сом бөлөт

«Республика» саясий партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов элди коронавирус илдети менен бирге күрөшүүгө чакырып, өз эсебинен 5 млн сом жардам көрсөтөрүн Фейсбукка жазды.

Бабановдун билдирүүсүндө, 3 млн сом Саламаттык сактоо министрлигине дарыгерлердин эмгек акысына которулуп берилет. Ал эми 2 млн сом 2 миң пенсионерге тийиштүү дары-дармек алуу үчүн 1000 сомдон берүү ниетин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>