Баткен облусунда элдик кошундун мүчөлөрү тарабынан 65 пост коюлду. Бул тууралуу штабдан бүгүн, 13-апрелде маалымдашты.
Аталган облуста элдик кошунга тартылган ыктыярдуу жаштардын саны 854 жаранды түздү. Алар күнү-түнү нөөмөткө туруп айылдагы кыймыл аракетти көзөмөлгө алууда. Мындан сырткары, 82 патрулдук топтор уюштурулган.
Эскерте кетсек, Баткен облусунда 4 негизги, 23 ички санитардык карантиндик пост коюлган.
иллюстрациялык сүрөт