Коронавирус инфекциясын дарылоого канча каражат сарпталарын штабтан маалымдашты.
Анда: Симптомсуз форма — 3030,12 сом;
Оорусу жеңил даражадагы бейтаптар үчүн – 3500,63 сом;
Орто даражадагылар үчүн – 10817,78 сом;
Оорусу оор даражадагы бейтаптар үчүн – акы төлөө суммасы 70427,31 сом;
Өтө оор даражадагылар үчүн – 132 миң 837 сом;
Мындан тышкары, контактта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн ооруканаларга акы төлөө 1742 сом каралган.