Коронавирус табарсык ооруларынын пайда болушун жогорулатат

Коронавирус табарсык ооруларынын пайда болушун жогорулатат

Коронавирустук инфекция табарсык ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Окленд университетинин окумуштуулары аныктагандай, COVID-19 табарсыктын сезгенүүлөрүн жана заараны кармай албай калуу ыктымалдыгын 2-3 эсеге арттырат.

Изилдөөчүлөр 1895 медицина кызматкеринин маалыматтарын талдоонун негизинде ушундай жыйынтыкка келишкен. Окумуштуулар COVID-19 белгилери билинип жана билинбей өткөн бейтаптарда заара кармай албоого туш болуу коронавирус инфекциясына чалдыкбагандарга караганда 2 жана 3,2 эсе жогору экенин аныкташкан.

Заараны кармай албоо –инфекциядан кийин пайда болгон белгилердин топтомунун – постковиддик белгилердин бири жана адамдын жашоо сапатын кыйла начарлатат.

Эмдөө гана COVID-19дун оор өтүшүн басаңдатып, постковиддик белгилердин өрчүү ыктымалдыгын азайтат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>