Кыргызстанда учурда коронавируска каршы 2737 адам дарыланууда. Мындай маалыматтарды республикалык штаб берет.
1 миң 746 бейтап амбулатордук шартта (үйдөн), ооруканаларда 991 адам дарыланууда.
Анын ичинде 50 адам — өтө оор абалда, 241 — оор абалда. Бейтаптардын көпчүлүгүнүн (687 адам, же 69,3 пайызы) абалы орто оор деп бааланууда. 13 адамдын гана абалы канааттандырарлык.