Коронавируска каршы күрөштүн эсебине 116 млн сом түштү

Коронавируска каршы күрөштүн эсебине 116 млн сом түштү

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 9-апрелге карата 116 миллион 880 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

19-мартта Каржы министрлиги тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачылган. Ага колунда бар адамдар жана бир катар мамлекеттик жана  жеке менчик компаниялардын кызматкерлери айлык маянасынын эсебинен акча которуп жатышат.

Жакында эле акчаларды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлүп, анын курамына 12 адам кирип, бирөө кайра курмадан чыгып кеткен.

Атайын эсепке түшкөн акчалардын 38 млн сомдон ашыгы инфекция катталган аймакта иштеп жаткан  медицина кызматкерлерге жумшалары белгилүү болгон.

1) Финансы министрлиги тарабынан ачылген эсеп:
№ 4402011000101373

2) «РСК Банк» тарабынан аылган эсеп:
№ 1299004130020044

3) «Айыл Банк» тарабынан ачылган эсеп:
№ 1352119927702865

9-апрель саат 10:00гө карата, Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алгандардын жалпы саны  280 адамга жетти. Алардын 25и сакайып чыгып, 4 адам каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын арасында 34 медкызматкер бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>