Коронавирустан 1 адам көз жумуп, 83 кишиден илдет табылды

Коронавирустан 1 адам көз жумуп, 83 кишиден илдет табылды

Соңку суткада коронавирустан 1 адам каза болду. Бул туууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, илдеттен Ысык-Көл облусунда бир киши каза болгон. 

Ошондой эле 83 адамдан коронавирус табылган.

“Бишкек шаарында 33 кишиден, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 17, Ош облусунда 5, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 17, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 адамдан илдет табылды”, — деп айтылат штабдын маалыматында. 

Мындан сырткары, 165 киши коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыккан. 

Муну менен Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын жалпы саны 81 388ге жетсе, анын 76 728и сакайган.

Пандемия башталгандан бери 1360 кыргызстандык коронавирустан каза болду. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>