Коронавирустун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат жыйын өтөт

Коронавирустун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат жыйын өтөт

Бүгүн, 13-мартта саат 12:00дө “Кабар” маалымат агенттигинде коронавирустун  пандемия деп жарыяланышы жана оорунун алдын алуу боюнча өлкө аймагында көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат жыйын өтөт.

Анда Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Экономика министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү өлкөдөгү абал боюнча маалымат беришет.

Кечээ белгисиз себептерден улам аталган маалымат жыйын болбой калган.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда илдетке чалдыккандар катталган жок. Бардык тиешелүү мекемелер  күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>