Кийинчерээк абак каттамдарына тыюу салуу чечимин башка бир катар өлкөлөр да кабыл алды, анын ичинде Германия, Чехия, Швеция, Израиль бар. Франция Улуу Британия менен чек арасын толугу менен жапты. Лондон өлкөнү континенталдык Европа менен байланыштырган Ла-Манш кысыгынын алдындагы өтмөктү жапты.
Улуу Британиядан герман аэропортторуна келген ондогон жүргүнчүсү коронавирустун негативдүү тестти чыкканга чейин эч жакка кете албай турушат. Жүргүнчүлөр аэропортторго жатууга мажбур болууда. Ганноверде алар үчүн уктай турган жай даярдалды.
Бул арада орусиялык «Аэрофлот» авиакомпаниясы гана Улуу Британияга ырааттуу түрдө каттамдарды жасап жатат.
Англиянын өзүндө 19-декабрдан баштап төртүнчү деңгээлдеги чектөө чаралары киргизилди. Бул дээрлик толук локдаун дегенди билдирет. Британ премьери Борис Жонсон коронавирустун жаңы түрү “кадимкисине” караганда 70 пайызга ылдам тарай турганын айтты.
Инфекционисттер жаңы штамм коронавирусту жеңе албай калган иммундук системасы алсыз бейтапта пайда болуп, мутация болгонун белгилешүүдө.