Профессор Жеңишбек Назарлиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугуп, ага коррупцияга каршы күрөштүн символу катары бензопила белек кылды. Бул тууралуу Назарлиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Профессордун айтымында, бул кадам — ал бир нече ай мурун «Коррупцияга каршы бензопила» деген аталыштагы макаласында берген убадасынын аткарылышы. Ал макалада УКМК башчысынын коррупцияны жоюудагы «принципиалдуу жана чечкиндүү позициясын» баса белгилеген.
Назарлиевдин билдиришинче, Камчыбек Ташиев менен болгон маекте коррупцияга каршы аракеттерден тышкары стратегиялык маселелер да талкууланган. Айрыкча жаш муунду тарбиялоо темасына көңүл бурулган.
«Сөз жаш муун жөнүндө болду. Аларга сапаттуу академиялык билим берүү гана эмес, ата-бабаларыбыздын руханий салттарына негизделген адеп-ахлактык тарбия берүү зарыл. Жакшылык, намыс, ар-даңк, адилеттүүлүк жана токтоолук баалуулуктары алардын дүйнө таанымын калыптандыруунун негизи болушу керек», — деп жазды Назарлиев.
Посттун аягында профессор Камчыбек Ташиевге жолугушууга жана убакыт бөлгөнүнө ыраазычылык билдирди.