Кош бойлуу аялдарга арналган “ЭММА” тиркемеси эми кыргыз тилинде жеткиликтүү

14.08.2025 | 15:52

Кош бойлуу аялдарга жана жаш энелерге санариптик колдоо көрсөтүү үчүн иштелип чыккан «ЭММА» мобилдик тиркемеси эми кыргыз тилинде да жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тиркеме Кыргызстанды кошкондо 193 өлкөнүн колдонуучулары үчүн акысыз.

«ЭММА» тиркемеси бир гана кош бойлуулук календары эмес, ал аялды кош бойлуулуктун алгачкы жумасынан тартып төрөттөн кийинки мезгилге чейин коштогон толук кандуу санариптик жардамчы болуп эсептелинет.

Тиркеме 460тан ашык илимий негизделген макалаларга, дарыгерлерден жеке кеңештерге, кабыл алууга жана дары-дармек ичүүгө байланыштуу эскертмелерге, ошондой эле тамактануу, физикалык жана психо-эмоционалдык ден соолук боюнча сунуштарга жеткиликтүүлүктү камсыздайт.

Министрлик тиркемени кыргыз тилине адаптациялоо процессинде кыргызстандык аялдардын муктаждыктарына ылайык маданий жана тилдик өзгөчөлүктөргө көңүл бурулганын кошумчалады.

Scroll to Top