Көз тийбесин дегенби? Бишкектеги сотто эски туунун сүрөтүн кагаз менен жаап коюшкан (сүрөт)

Көз тийбесин дегенби? Бишкектеги сотто эски туунун сүрөтүн кагаз менен жаап коюшкан (сүрөт)

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иштегендер мамлекеттик символикалар түшүрүлгөн стенддеги эски туунун сүрөтүн кагаз менен жаап койгон. Бул тууралуу журналисттер билдирип, сүрөтүн соцтармактарга чыгарды.

Аталган сүрөттөрдү милиция тарабанын «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган журналисттердин бөгөт чарасын кароо боюнча соттук отурумга барган журналисттер тартып алган.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв Садыр Жапаров туу өзгөрсө да эски желекке аяр мамиле жасоо боюнча тапшырма бергенин билдирген.

Сүрөт: Хамидулло Узаков

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>