КРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдү

02.04.2026 | 10:29

Кыргызстанда 1-апрелден тарта бюджеттик чөйрө кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылып, айрым категорияларга компенсациялык төлөмдөр белгиленди.

Эскерте кетсек, 27-мартта КР Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгекке акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта төмөнкүлөрдүн айлык акысы жогорулатылды:

• билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо кызматкерлерине — теңдөө жана тегеректөө менен, ошондой эле бир ставкага 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленди (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо);

• техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга, ошондой эле укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн эркин жалданма жана жарандык персоналына — бир ставкага 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация белгиленди.

2026-жылдын 1-сентябрынан тарта:

• мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ (жергиликтүү өз алдынча башкаруу) органдарынын айрым кызматкерлеринин кызматтык маянасына иштин татаалдыгы жана сапаты, кесиптик демилгеси жана нормалаштырылбаган жумуш күнү үчүн үстөк пулду 50 пайызга чейин көбөйтүү каралган;

• мамлекеттик органдардын ведомствого караштуу жана аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация белгиленет.

Ошол эле учурда компенсация төмөнкү кызматкерлерге жайылтылбайт:

• укук коргоо органдарынын жана Куралдуу күчтөрдүн;
• Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин жана Юридикалык жардам кызматынын;
• ӨКМге караштуу Гидрометкызматтын;
• Суу ресурстары жана айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматынын, ошондой эле Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо жана карантин департаментинин;
• айрым атайын мекемелердин: суучулдарды даярдоо жана суу астындагы-техникалык иштерди жүргүзүү борборунун, «АгроСмарт» мамлекеттик мекемесинин, жергиликтүү соттордун судьяларынын, ошондой эле түрдүү мамлекеттик органдардын алдындагы өзгөчө макамы бар түзүмдөрдүн.

Scroll to Top