Критикалык минералдар жана «Кумтөрдүн» тагдыры: эксперттер Кыргызстандын кен байлыктарынын келечегин талкуулашты
Кыргызстан критикалык маанилүү минералдарды казуу жаатында зор дараметке ээ, бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу олуттуу ички чакырыктарга туш болууда. Флагмандык «Кумтөрдөгү» казуу көлөмүнүн азайышынан тартып, техногендик калдыктарды кайра иштетүү боюнча так саясаттын жоктугуна жана мыйзамдардагы боштуктарга чейинки көйгөйлөрдү эксперттер «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору уюштурган тегерек столдо талкуулашты. Талкуунун катышуучулары өлкөгө улуттук кызыкчылыктарды жана экологиялык коопсуздукту биринчи орунга койгон кен байлыктарды башкаруунун жаңы стратегиясы зарыл деген пикирге келишти.
Ресурс базасы: божомолдордон реалдуулукка
Талкуунун негизги темасы Кыргызстандын критикалык маанилүү минералдарды казуу жаатындагы дарамети болду. Жаратылыш ресурстары министрлигинин геология башкармалыгынын башчысы Каныбек Дыйканов белгилегендей, мекеме мындай чийки заттын 22 түрүнүн тизмесин аныктаган. Тизмеге алюминий, барий, бериллий, бор, ванадий, вольфрам, литий, сейрек кездешүүчү элементтер, титан, уран жана башкалар кирди.
КР Геологдор жана кен иштетүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков өлкөдө бүгүнкү күндө критикалык маанилүү деп аталган кен байлыктардын дээрлик бардык түрлөрү бар экенин белгиледи.

«Тилекке каршы, алардын көбү божомол вариантында турат. Бизде торий жана уран бар, бирок мамлекеттик баланста алардын минималдуу запастары гана көрсөтүлгөн. Литий, алюминий, жез изилдөө баскычында гана», — деп белгиледи эксперт.
Камчыбеков Кызыл-Омпол кенинде запасы бар торийге көңүл бурууга чакырды. Анын айтымында, бул энергетика үчүн келечектүү багыт: бир тонна торий 20 тонна уран бергендей энергия иштеп чыгарат, ошол эле учурда анын радиоактивдүүлүгү кыйла төмөн.
Мыйзамдык туюк жана мамлекеттин үлүшү
Кен байлыктарды натыйжалуу пайдалануу үчүн эксперттер тоо-кен мыйзамдарын түп-тамырынан бери кайра карап чыгууну сунушташат. Дүйшөнбек Камчыбеков долбоорлордогу үлүштөрдүн учурдагы бөлүштүрүлүшүнүн адилетсиздигин көрсөттү: азыр мыйзам түрүндө мамлекетке болгону 30%, ал эми инвесторго 70% тиери бекитилген.
«Бул ченем кайра кароону талап кылат. Биз мамлекеттик үлүштү көбөйтүшүбүз керек. Мисалы, Казакстанда азыр уран ишканаларындагы мамлекеттик үлүштү 90%га чейин жеткирүүнү талкуулап жатышат. Биздин коңшулар өз кызыкчылыктарын коргоп жатышат, биз да ошондой кылышыбыз керек», — деп баса белгиледи геолог.
Эксперттер ири кендерди Кабминдин чечими менен сынаксыз мамлекеттик компанияларга («Кыргызалтын», «Кыргызнефтегаз») өткөрүп берүүнү оң жылыш деп аташты. Бул стратегиялык ресурстарга көзөмөлдү өлкө ичинде калтырууга мүмкүндүк берет.
«Кумтөр» парадоксу: пайда өсүүдө, казуу азайууда
Эң ири «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы кырдаал улутташтыруунун ийгиликтеринин жана көйгөйлөрүнүн ачык мисалы болуп калды. Бир жагынан, каржылык натыйжа таң калтырат: эгер канадалык Centerra Gold учурунда өлкөдө кирешенин 30%ы гана калса, азыр — толугу менен 100% калууда. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен киреше 125 млрд сомду түзүп, анын 60 млрд сому — таза пайда болду.
Бирок өндүрүштүк көрсөткүчтөр тынчсызданууну жаратууда.
«Улутташтырууга чейин долбоор жылына болжол менен 17 тонна алтын берип турган. Азыр биз 2025-жылдын жыйынтыгы менен 12 тоннага чейин түштүк. Бул эмне үчүн болуп жатат? Себеби адистерде жатат. «Кумтөрдө» техникалык чечимдерди кабыл алган жогорку менеджмент жок болуп калды. Азыркы адистер милдетти аткара албай жатышат», — деп билдирди Дүйшөнбек Камчыбеков.
Эксперт эскертти: кадр маселесин чечпей туруп жана деталдуу кошумча чалгындоо жүргүзбөсө, кыргыз экономикасынын флагманы кирешелүүлүгүн жоготуп алуу коркунучунда турат.
Калдыктардагы «алтын»: калдык сактоочу жайлар көйгөйү
Кыргыз кен эксперттери коомунун аткаруучу директору Аркадий Рогальский өнүгүүнүн жаңы очогу болушу мүмкүн болгон теманы — техногендик калдыктарды кайра иштетүүнү көтөрдү. Анын айтымында, бүгүнкү күндө эбегейсиз ресурстар жер алдында эмес, калдык сактоочу жайларда жана таштандыларда топтолгон.

Калдыктар менен болгон кырдаал сандарда:
- ӨКМдин балансында 123 кооптуу калдык сактоочу жай эсепте турат.
- Алардын ичинен бир нечеси гана лицензияланган («Кыргызалтын», «Кумтөр», Хайдаркан объекттери).
- 400гө жакын объект жада калса системалаштырылган эмес.
«Калдыктарды лицензиялоонун учурдагы механизми бюрократиялашкан жана реалдуулукка жооп бербейт. Инвентаризациялоодон баштоо керек: бул калдыктарда так эмне жана канча көлөмдө жатканын түшүнүү зарыл. Бул экономикалык рентабелдүүлүк жана экология маселеси», — деп белгиледи Рогальский.
Рогальский ведомстволор аралык ажырым көйгөйүн баса белгиледи: калдыктарды рекультивациялоо маселелери менен алты башка мамлекеттик орган (ӨКМ, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Мамгеология ж.б.) алектенет, алардын ортосунда тийиштүү өз ара аракеттенүү жок.
«Азыркы башкы маселе — бул калдыктарды иштетүүнүн экономикалык рентабелдүүлүгүнүн методологиясы. Мамлекеттин көңүлүн бул ресурстарды башкарууга буруу керек», — деп эсептейт Рогальский.
Экология жана адилеттүүлүк: сууга салык
«Таза Табигат» коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Дауталиева «Кумтөр» оор экологиялык мурас калтырганын эске салды: эки мөңгү дээрлик жок болду, ал эми калдык сактоочу жай кооптуу калдыктарга толгон.

Эксперт Салык кодексиндеги парадоксту көрсөтүп, социалдык адилеттүүлүк маселесин көтөрдү. Кыргызстандын калкы ичүүчү суу үчүн тарифте да роялти (кубометрине 0,15 сом) төлөйт, ал эми ири инвесторлор мурда мындай төлөмдөрдөн качып келишкен.
«Колоссалдуу пайда тапкан «Центерра» бир тыйын да роялти төлөгөн эмес. Ал эми жашоо үчүн суу ичкен калк бул салыкты төлөп жатат», — деп нааразы болду Дауталиева бийликти бул ченемди кайра карап чыгууга чакырып.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен жолугушуунун катышуучулары критикалык маанилүү минералдар иш жүзүндө улуттук кызыкчылыктын синоними болуп калганына токтолушту. Бар болгон дараметти ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга төмөнкүлөр зарыл:
- Калдык сактоочу жайларды толук инвентаризациялоо жана алардын рентабелдүүлүгүн баалоо.
- Мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик кызыкчылыктардын артыкчылыгын жана аткаминерлердин жоопкерчилигин бекитүү.
- Геосаясий тобокелдиктерди эске алуу менен тармакты илимий-аналитикалык жактан коштоону камсыздоо.
- «Кумтөрдө» байкалган пландоодогу каталарды кайталабоо үчүн тоо-кен ишканаларын башкаруудагы кадрдык маселени чечүү.